Биз менен байланышыңыз

ӨКМ ашуулардагы кардын калыңдыгы тууралуу маалымат таратты

Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 595 | 0

Өлкөдөгү ашууларда түшкөн кардын калыңдыгы 35 сантиметрге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты. Анда Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларындагы кардын калыңдыгы 35 сантиметрге жеткени айтылат.

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы 121-128 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) ашуунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 5-20 см, түштүк тарабында 132-137 чакырымдарында 5-35 см түзөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тоңгон.

Өтмөк-Талас автоунаа жолундагы 0-14 чакырымдары (Өтмөк) ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-25 см түзөт.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы) жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон, кардын орточо бийиктиги 5-35 см түзөт.

Бишкек-Торугарт авто унаа жолундагы “Долон” ашуусунда кардын орточо бийиктиги 0-25 см түзөт.

Каракол-Эңгилчек автоунаа жолундагы 55-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кардын орточо бийиктиги 5-25 см түзөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңгон.

Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунунун Сөөк ашуусу  62-68 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 0-15 см түзөт, жолдор тайгак болуп муз тонгон. Түп-Кеген автоунаа жолунун 43-76 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 0-10 см түзөт.

Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолундагы 75-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусунда) кардын орточо бийиктиги 5-25 см түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM