Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 12-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 0….-5… күндүз: 6…..11 C;
Талас облусунда
түнкүсүн: -2…..-7….күндүз: 7…..12°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында
түнкүсүн: -4…..1….күндүз: 9…..14°C
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: -4…..-9….күндүз: 1……6°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: -8….-13…..күндүз: 3…..8°C;
12-ноябрда Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1……-3 C, күндүзү 9..… 11°C.