Биз менен байланышыңыз

Ирактагы нааразычылыктан каза болгондордун саны 300дөн ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Ноя 2019 | 397 | 0

Ирактагы калайман нааразылык акциялары токтобой келет. Октябрдын башынан бери акциялардын айынан 301 адам каза болуп, 15 миңден ашыгы ар кандай жаракат алган.

Маалыматка ылайык, демонстранттар бийликтин алмашуусун талап кылып, мунайга бай өлкөдөгү коррупцияга, жумушсуздукка, социалдык шарттарга нааразылыгын билдирип жатышат. Андан сырткары өлкө жашоосуна Ирандын кийлигишүүсүнө каршылыгын кылышууда.

Каршылыкка чыккандар Ирактын премьер-минстри Адел Абдель Махдинин отставкага кетирип, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Бирок өлкө башчысы азыркы учурда кызматтан кетсе, өлкө толугу менен чачырашы мүмкүн экендигин кайталоодо. Ал ылайыктуу талапкер табылса гана отставкага кетерин билдирди.

Каршылык акциялары башталгандан бери 2500 ирактык туткундалган, анын 500ү дагы деле көзөмөлдөн чыга элек.

Copyright © 2017 Maral FM