Биз менен байланышыңыз

«Напарниктер 2» кыргыз милициясын коррупциядан оолак болууга чакырат

Көңүл ачуу , Марал шоу | 11 Ноя 2019 | 653 | 0

«План Б», «Бир тууганчик» жана башка  бир топ тасмалардын жаратуучусу, сценарист Бакыт Осмонканов «Маралшоу» программасына келип, «Напарниктер-2» киносу тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

— Бакыт, жакында эле «Напарниктер-2» тасмасы чоң экрандарга чыкты.  Көрүүчүлөр бул тасманы кандай кабыл алышты?  

— Башталышы жакшы. Жылуу  пикирлерди  угуп баштадык. Эл жакшы  кабыл  алды.  Биз дагы  аябай  кубанып  турган  кезибиз.  Анткени, бул тасманы жаратуу учурунда көп эмгек жумшалды.

— Кинодогу өзгөчөлүктөр, айырмачылыктар тууралуу айта кетсеңиздер.  Эмнеси менен элди таң калтыра алдыңыздар?

— Бул  биринчиден экшн-комедия. Анан актерлердун көптүгү. Башы-аягы биригип, 65 киши болуптур. Ал эми массовка тууралуу айтпай эле коёюн.

— Тасма өзүңүздүн  купупулуңузга  толдубу?

— Албетте, ар бир эле  тасма 100% купулуңа  толбойт. Мен дайыма бүткөн ишке сын көз менен карайм. Андай кылбасак өспөйбүз да. Балким, айрым кемчиликтерди эл көрбөсө да, өзүбүзгө көрүнүп эле турат.

— «Напарниктер» тасмасын тартканда эле мунун экинчисин да тартабыз деп пландасаңыздар керек?

— Негизи, экинчи бөлүгүн тартабыз деген пландар деле жок болчу. Бул кино биздин калемибизге  таандык онунчу фильм экен. Көптөгөн турмуштук фактыларга  таянып  тартылды. Биринчиден, күйөрмандарыбыз Жеңиш экөөбүздүн тандемибиздин улануусун суранышкан. «Бир тууганчик» киносун  улантыш  кыйыныраак болгонуна байланыштуу «Напарниктерди» уланталы деп чечтик.

— Кино тармагында жетиштүү каражат табууга мүмкүнбү? Жумшалган каражаттарыңыз акталабы?

— Жок десем  калп айткан  болом. Андыктан  биринчиден, кино — мен  үчүн искусство. Бул тармакка бел байлап, киришип баштаганда эгерде тартылган  тасманы  эл  жакшы  кабыл  алса,  улантабыз деп  сүйлөшкөнбүз. Буюрса, жакшы. Албетте, өзүн актайт. Бирок, ойлогондой киреше  алып келбейт(күлүп).

— Эмне үчүн милиция? Сиздердин башкы каармандар бизнестеги же дагы бир башка тармактагы «напарниктер» деле  болсо болот беле? Же бул жерде кыргыз милициясына болгон сын көз карашты берели деген ой жатабы?

— Мисалы, башка өлкөлөрдө полиция, милициялар тууралуу экшн-комедиялар толтура. Ошол эле Голливуддун мисалында да бир топ белгилүү кинолор бар. Бирок, Кыргызстанда  милиция жөнүндө бир да кино жок экен. Ал эми дүйнөлүк тажрыйбада ушундай кинолор эффективдүү жакшы  рейтингди бергени үчүн  биз  дагы тартып көрөлү деп чечтик. Анан эл менен биздин милициянын мамилесин жакшы кылууга аракет. Дагы  бир  чоң себеп: ошол кинодон өлкөдөгү коррупциялык абалды чагылдырганбыз. Андыктан: «Улуу урматтуу милиция агалар, сиздер деген элди, жерди коргошуңар керек. Эч качан мындай жолго барбагыла!»- деген чакырыкты таштап өтөйүн.

— Кинорежиссер катары билимиңизди жогорулатуу планыңыз барбы?   

— Чет өлкөдөн 2 жылдык окууну окуп  келсемби  деген кыялым бар.

— Эми бираз Борбор Азиядагы киноиндустрия тууралуу кеп кылсак. Бул чөлкөмдө кыргыз киносунун абалы кандай?

-Менин жеке пикиримде Кыргызстандын абалы жакшы. Себеби бизде да акыркы кездерде фильм тартуу кадимкидей жандана баштады. Ошол эле убакта бир канча эл аралык сыйлыктарды багындырган тасмалар тартылып жатат. Жеке өзүбүздүн тажрыйбабыздан улам айтсам, режиссер Руслан Акун менен биргеликте тарткан «Апамды издеп» тасмасы Казакстанда эң көп касса чогулткан тасмалардын катарына кирди. Мындайча айтканда, Кыргызстан кино жаатында артка кеткен жок. Жалаң алдыга карай баратат.

-Казакстанда көп касса чогулткан тасма деп айтып кеттиңиз. Биздин кыргыз режиссерлор Өзбекстандын кино рыногуна кирүүгө аракет кылып көрдү беле?

-Өзбекстанга, чынын айтканда, анчейин кызыгып көрбөптүрбүз. Бирок, бир кино форумда өзбекстандык делегация менен сүйлөшкөнүбүздө, аларда абал оор экенин айтышкан эле. Ооба, алардын рыногу аябай чоң, бирок, өзбекстандык режиссёрдун айтымында, азыр элдер кинотеатрга көп келбей калышкан. Анан ал жакта билет да арзан экен. Билет баасы болгону бир доллар. Мындан сырткары, Өзбекстанда доллар көйгөйү болгондуктан, бул өз учурунда кино тармагына өз таасирин берет. Мындан улам, өзбекстандык киночулар бизге келгенде, ушул абалдан чыгуу үчүн Борбор Азиялык долбоорлорду жаратууну сунуштаган эле. Мурун өзүңүздөр билгендей, кыргызстандыктар да жалаң өзбекче кинолорду көрүшчү да. Азыр абал өзгөрдү. Балким, биз да аракет кылсак, кошуна өлкөнүн кино рыногуна киришибиз мүмкүн. Бирок, баары бир эле, бизге казактардын рыногуна кирүү оңой болсо керек. Анткени өзбектерге караганда, кыргыздар менен казактардын окшоштуктары өтө көп.

-Маегиңизге рахмат! 

— Сиздерге  дагы  чоң рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM