Биз менен байланышыңыз

«Өкмөт турак жай каржылоо тутумун жакшыртуу жөнүндө протоколго кол коюу менен мыйзам бузган жок»

Кыска кабар | 8 Ноя 2019 | 351 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда турак жай каржылоо тутумун жакшыртуу жөнүндө протоколго кол коюу менен мыйзам бузган жок. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүнүн ар түрдүү аспектилеринен тышкары буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин протоколуна кол коюу менен Кыргызстандагы колдонуудагы мыйзамды бузганы көрсөтүлөт.

Ушул жылдын 18-октябрындагы Өкмөт башчынын «Кыргыз Республикасында турак жай каржылоо тутумун жакшыртуу жөнүндө» кеңешменин протоколу жөнүндө сөз болуп жатат, ал Кыргызстандын мыйзамдарын сактоо менен даярдалган.

Документте жазылган протоколдук тапшырмаларды чарбалык субъекттердин ишмердүүлүгүнө мамлекеттин кийлигишүүсү катары түшүндүрүүгө болбойт, анткени алар сунуштоо мүнөзүнө ээ, буга «макулдашуу боюнча» жазуусу күбө.

 

Copyright © 2017 Maral FM