Биз менен байланышыңыз

Иран: зилзаладан аз дегенде 5 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Ноя 2019 | 585 | 0

Иранда 8-ноябрга караган түнү күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук сейсмологиялык борбору билдирди.

Зилзаладан каза болгондордун саны 5ке жетти. Бул көрсөткүч дагы өсүшү мүмкүн. Буга чейин үчөө экени айтылган болчу. Ошондой эле 70тен ашык адам жабыркаган.

Жер титирөөнүн борбору түштүк-чыгыштагы Тебриз шаарынан (Чыгыш Азербайжан провинциясы) 156 км алыстыкта орун алган. Европалык сейсмологдор зилзала 62 километр тереңдикте болгонун билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM