Биз менен байланышыңыз

Баткенде мылтык менен кармалган тажик жарандары айыппулга бошотулду

Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 1225 | 0

Баткенде 20 күндөн бери убактылуу кармоочу жайда кармалып турушкан тажик жарандары Боисжон Бобохасанов менен Дилшод Каримов бошотулду. Алар айып пул төлөгөндөн кийин кое берилди. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Баткен шаардык сот кечээ аларды чек арадан мыйзамсыз кирген деп таап, ар биринен 37 миң сомони (3 700 доллардан ашык) өлчөмүндө айып пул салган.

Ворух анклавынын 2 тургунун Кыргызстандын чек арачылары 14-октябрда кармашкан. Алар Кыргызстандын чегинде жүрүшкөн, жанында мергенчилик куралдары болгон.

Copyright © 2017 Maral FM