Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө мобилдик тиркеме аркылуу калкты жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлдү

Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 489 | 0

Кыргызстанда мобилдик тиркеме аркылуу калкты жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлдү. Аталган тиркеме толуктап иштелип чыгып, Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл аймагында кошумча тестирлөөдөн өттү.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун катышуусунда өткөн 2020-жылы калкты жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын кезектеги жыйынында айтылды. Бул кабарды Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйында Кубатбек Боронов Бишкек шаардык мэриясынын өз административдик-аймактык чегин тактоо боюнча ишинин жетишсиздигин сынга алган.

Бир нече жолку эскертүүлөргө карабастан, Бишкек мэриясы борбор калаанын административдик-аймактык чегин алигиче тактай элек. Эгерде жалпы республика боюнча аты бериле элек көчөлөрдүн үлүшү 0,9 пайызды, номери жок үйлөр (батирлер) 3,6 пайызды түзсө, Бишкек шаары боюнча бул көрсөткүчтөр 11,7 жана 30,8 пайызды чапчыйт. Өзгөчө белгилеп айтып коеюн, калкты жана турак жай фондун каттоо — бул жөн гана статистикалык маалыматтарды топтоо эмес. Бул мамлекеттик мааниге ээ иш-чара. Каттоонун жыйынтыктары өлкө калкынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган улуттук программаларды иштеп чыгууну шарттайт”, — деп белгиледи ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга 2020-жылы калкты жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоо тапшырылды.

Белгилей кетсек, кезектеги калкты жана турак жай фондун каттоо 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин өтөт.

Республиканын калкын каттоо уюлдук байланыш технологияларын пайдалануу менен өтөөрү пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM