Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жасаган иш сапарында белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага катышууда. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Нарын шаарынын борбордук аянтында саясий жана коомдук ишмердин эстелигин ачуу расмий иш-чарасы өттү. Иш-чаранын меймандарына театралдык оюн-зоок көрсөтүлдү.