Биз менен байланышыңыз

Ленинградда жол кырсыгынан кыргызстандык каза болду

Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 548 | 0

Орусиянын Ленинград шаарында жол кырсыгынан кыргызстандык каза болду. Окуя 1-ноябрда болгонун fontanka.ru маалымат булагы кечээ жазып чыкты. Шаардагы Парголов—Огоньки жолунда Suzuki Grand Vitara унаасынын 60 жаштагы айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Skoda Octavia унаасы менен бет маңдай кагышкан. Skoda Octavia’ны башкарып бараткан кыргызстандык 25 жаштагы жаран окуя болгон жерде мерт кеткен.

Каршы тилкеге чыгып кеткен унаанын 60 жаштагы айдоочусу да 2-ноябрда ооруканада каза болгону айтылат.

Орусиянын Жол коопсуздугун көзөмөлдөө Мамлекеттик инспекциясы Кыргызстандын жараны бир катар административдик жоопкерчиликке тартылып, 2019-жылдын февралынан тартып, 2022-жылдын январь айына чейин Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынганын айтты.

 

Copyright © 2017 Maral FM