Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Турдубеков: «Концертте гитара менен күү чертебиз»

Көңүл ачуу , Марал шоу | 3 Ноя 2019 | 612 | 0

Композитор, таланттуу ырчы, гитарист Чыңгыз Турдубеков “Марал шоу” программасынын кадырлуу коногу болуп, жакшы жаңылыктары менен бөлүштү.

-Жеке концертиңизге саналуу күндөр калган экен. Даярдыктар болуп жатабы? Концерттен кандай өзгөчөлүктөрдү күтсөк болот?

-Даярдыктар жакшы деңгээлде өтүүдө. Жандуу аспаптардын коштоосунда жана жандуу үн менен өтөт. Биринчи жолу гитара менен ансамбль аткаруулар болот. Шоу концерттерде буга чейин мындай болгон эмес. Андан тышкары, гитара менен күү ойнойбуз. Концертке даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Продюсерим жок, өзүм иштегениме байланыштуу, бардык иштерде жүгүрүп, бутум бутума тийбей жаткан учур.

-Өзүңүзгө кандай баа коесуз?

-Абдан изденгенди жактырам. Ошол себептүү, канчалык көп ырларды жаратсам, ошончолук кайра иштегим келип турат. Мен жете элек кыялдарым арбын.

-Репертуарда канча чыгарма болуп калды?

-Чыгармачылык жолдо тыныгуулар да болуп кетти. Өзүмдүн калемиме таандык 220дан ашуун ырлар бар. Анын ичинен 25тин тегерегинде өзүм аткарган чыгармалар.

-Азыркы учурда шакирт тарбиялайсызбы?

-Мурун шакирт тарбиялачумун. Учурда убакыттын жетишпегенине байланыштуу ал жаатты токтотууга туура келди.

-Чыгармачылыкта кайсы жанрды баса белгилеп өтөсүз?

-Ырларды ылгабайм. Чыгарма жакса, кандай болбосун ырдай берем.

Copyright © 2017 Maral FM