Биз менен байланышыңыз

Самара Каримова: Туура кыялданганды билиш керек

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Орусиядагы Кремль сарайында өткөргөн жеке концерти тууралуу «Марал» радиосуна маек берди.

Саламатсызбы, Самара! Кубанычтабыз жана  сыймыктанабыз  сиз менен!

-Саламатсызбы, чоң рахмат!

-Самара, кош келдиңиз! Эфирдин башын жакында болуп өткөн концертиңиз тууралуу маалымат менен баштасак.

-Өзүм мактангандай болбоюн, бирок концерт аябай  жакшы  болду. Уюштуруучу топ жана Кремль ак сарайынын жамааты дагы жылуу пикирлерин айтышты. Үстүмдө бир чоң оор жүк бар эле, азыр абдан жеңилдеп калдым. Анткени, концерттин жүрүшүндө бир дагы  ката кетирүүгө жол жок болчу. Бул менин  гана эмес кыргыз элинин  ийгилиги! Андыктан, күнү-түнү тынбай даярданып, жакшы өткөрүп алдык.

-Кремлдин чоң сахнасында ырдоо кандай сезимдерди жаратты? Эмне өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңыз?

-Кремлдин  ак сарайында ырдоо менин чоң кыялдарымдын  бири болчу. Сыналгыдан ошол жерде  ырдап  аткандарды  көрүп калганда «Ушул чоң залдын  ичинен көрүүчү болуп  олтурсам, ырдамак турсун бир  эле жолу сахнасынан  чуркап, басып  өтүп кетсем  кандай  болоор эле?»-деп кыялданчумун(күлүп). Анан ошол тилектерим орундалып олтурат. Жаратканыма чексиз шүгүр, анан ошол жакта  иштеп жүргөн мекендештеримдин колдоосу дем күч берди. Негизи, биз туура  кыялданышыбыз керек. Жакшы болот десең, албетте, жакшылык болот. Дагы  бир өзгөчөлүк, залдын ичинде  бир гана  кыргыздар  эмес, башка  улуттардын өкүлдөрү (өзбек, азербайжан, орус ж.б)  дагы көрүшүп олтурушту. Демек, биздин  кыргыз музыкалары, кыргыз маданияты бир гана  кыргыздарга эмес, башка улуттарга  дагы  кызыктуу экен.

-Италиялык ырчы Ингрид менен дуэт ырдоо кыйынчылыкка турган  жокпу?

-Ингрид, 46 жашта  экен. Ошол жаш  курагына  карабай энергиясы мол, жапжаш көрүнгөн абдан  позитивдүү аялзаты десем болот. Аны менен  иштөө, сүйлөшүү, дуэт ырдоо  дагы абдан жеңил болду. Ингрид атайын менден бир-эки ооз кыргызча сөз үйрөнүп, сахнага чыкканда кыргыз тилинде саламдашып ырдап баштады. Бул дагы болсо сый-урмат десек жаңылышпайбыз. Атактуу айымды текеберчилиги  жок, кичипейил, дүйнө таанымы бир башкача адам катары  баалап  калдым.

Концерт аяктаганда тизе бүгүп, абдан  жакшы сөздөрүн айтып, «буюрса, биз тарапка дагы кел, чоң долбоорлордун үстүндө чогуу иштейбиз»-деп сунушун билдирди. Ал  эми дагы жаштар  арасында популярдуу ырчы Жон Руми менен  дагы орус тилинде дуэт аткардык. Ал  өзү Ташкентте  жашайт. Жакында дуэтибизден  жаралган  клипти көрө аласыздар.

-Ташкентте жана Москвада өткөн жеке концертиңизге  орточо эсеп  менен канча  чыгым  кетти? Келе жаткан жылы кайсыл өлкөгө концерт берүү планда турат?

-Быйыл мен үчүн эмгектин жылы  болуптур. Эки чоң мамлекетке  концерт берүү оңойго турган  жок, чыгым  абдан чоң болду. Жаратканга шүгүр, элибиздин  жакшылыктарынан  түшкөн акчага  концерт койдук. Ал эми чет мамлекеттерде жашаган  кыргыз жарандарынан  көп сунуштар  болуп  атат. Стамбул, Америка, Корея, Япония мамлекеттерине  чакырышты. Буюрса, 2020-жылы чоң пландарыбыз бар.

-Актрисалыкты улантуудасызбы? Дегеним, кандай ролдорду тандайсыз эгер тартылууга сунуш түшсө?

-Ош шаарындагы С. Ибраимов атындагы улуттук драм театрында актриса болуп эмгектенем, көптөгөн спектаклдерге чыгып жүрөм. Эгер кино тармагында  сунуш түшсө өзүмдү ар тармактагы ролдордо сынап көргүм келет. Бул жашоодо баарын  көрүш керек.

-Маегиңизге  чоң рахмат. Ийгилик каалайбыз!

«Марал» радиосунун жалпы  жааматына  ыраазычылык билдирем. Көп бийиктиктерди  багынткыла!

Copyright © 2017 Maral FM