Биз менен байланышыңыз

Амангелди Муралиевдин уулу жатак абагына которулду

Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 966 | 0

«Мамлекетке чыккынчылык кылган» деген айып менен камалган мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу, Алтынбек Муралиев Молдовановка айылындагы №26 колониядан жатак абагына которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Алтынбек Муралиев атайын комиссиянын чечими менен 17-октябрда жатак абакка которулду. Азыр ал көзөмөл астында үйдө болуп, жумушка чыгууга даярданып жатат. Ушул жылдын февраль айында Бишкек шаардык соту өкүмүн өзгөртүп, 15 жылга чейин эркинен ажыратуу мөөнөтү кыскарган. Андан кийин Жогорку Сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан экен”, -деп айтылат маалыматта.

Алтынбек Муралиев- өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектекчиси, мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу, 2014-жылы 4-ноябрда “чет өлкөлүк уюмдарга мамлекеттик сырды ачып, чыккынчылык кылды” деген  айып менен камакка алынган. Сот жабык эшик артында өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM