Биз менен байланышыңыз

Жазаларды аткаруу кызматы Мамлекеттик тил күнүн сынак уюштуруп белгиледи [сүрөт]

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 581 | 0

Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу-коштоп жүрүү департаменти Мамлекеттик тил күнүнө карата кароо-сынак өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Салатанатты Кайтаруу-коштоп жүрүү департаментинин башчысы Улан Бердикожоев ачып, жалпы кызматкерлерди жана келген конокторду майрамдык салтанат менен куттуктады. Андан соң атайын топторго бөлүнгөн аскердик батальондор саламдашуу, көркөм окуу, обондуу ыр, улуттук бий, «Манас» айтуу, дастан айтуу сыяктуу тапшырмалардын негизинде өз өнөрлөрүн тартуулап, ошондой эле улуттук кийимдердин жана тамак-аштын көргөзмөсүн уюштуруп беришти.

Жазуучу, профессор Сулайман Рысбаев, акын жана журналист Зайырбек Ажыматов, манасчы-дастанчы Самат Көчөрбаев жана мекеменин ардагерлери Советбек Арбаев, Зууракан Асановалар калыстык кылышкан кароо-сынакта 1-орунду 4-батальондун «Алтын көпүрө» тайпасы, 2-орунду 2-батальондун «Ынтымак» тайпасы, 3-орунду 1-батальондун «Мурас» тайпасы алды. Жеңүүчүлөр жана катышуучулар атайын диплом, акчалай сыйлык, баалуу белектер менен сыйланышты.

Copyright © 2017 Maral FM