Биз менен байланышыңыз

Бишкек: 1-ноябрдан баштап көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүү башталат

Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 611 | 0

Эртең, 1-ноябрдан баштап Бишкекте көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүү башталат. Тиешелүү жарлыкка мэр Азиз Суракматов кол койду. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жылуулук берүү бир канча күнгө созулат жана биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет.

Андан кийин системага карызы жок турак жайлар, өнөр жай ишканалары кошулмакчы.

Жылуулук системасын ишке киргизүү чечими аба ырайынын суукташы менен кабыл алынган.

 

Copyright © 2017 Maral FM