Биз менен байланышыңыз

31-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 355 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 31-августта түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15 … +20, күндүз +28… +33;

Талас облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +25 … +30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16 … +21, күндүз +30 … +35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +19 … +24;

Нарын облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +20 … +25°C градус ысык болот.

Бишкекте түнкүсүн күн ачык болот. Күндүз өткүн өтүп, күн күрүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16 … +18, күндүз +28 … +30 градус ысык болот.

Copyright © 2017 Maral FM