Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: жергиликтүү ишкерлерди кошумча нарк салыгынан бошотуу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Окт 2019 | 458 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде эркин экономикалык аймактардан бир гана Бишкек экономикалык зонасы натыйжалуу иштеп жатканын билдирди.

Анын айтымында, ишканалар Бишкек ЭЭАга каралган жеңилдиктерди пайдаланып, продукцияларды экспортко чыгарбай, ички рынокко киргизүүдө. Бул боюнча ишканалардын атаандаштары кайрылган.

Каралган жеңилдиктер жетишсиз болгондуктан, аймактардагы эркин экономикалык зоналар максатына жетпей жатат. Мындан улам ар бир аймакка өзгөчө шарттарды түзүү зарыл.

«Аймактарда эркин экономикалык зоналардын иштебей жатканы бизге белги болушу керек. Эгер аймактарда шарт өзгөчө болсо, башка режимдерди карап көрүү зарыл. Көпчүлүк фирмалар Бишкекке келип каттоого тургандыктан, инвестор да борбор калаага келет», — дейт Маматалиев.

Эл өкүлү жергиликтүү ишкерлерди кошумча нарк салыгынан бошотуу керектигин айтып, бул маселени парламентке алып чыгарын кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM