Биз менен байланышыңыз

Британияда парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2019 | 502 | 0

Британ парламентинин депутаттары мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн добуш беришти. Бул тууралуу «Борбордук Азия жаңылыктары» порталы жазды. Маалыматка ылайык, парламенттик шайлоо 12-декабрда өткөрүлмөкчү.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору Өкмөт палатасында добуш берүүгө коюлуп, аны 438 депутат – башкаруучу консервативдүү партиянын өкүлдөрү менен катар оппозициялык лейбористтер да колдоду. Мыйзам долбооруна эми лорддор палатасы да макулдук бериши керек.

Британия премьер-министри Борис Жонсон Брексит маселесин чечүү үчүн шайлоону жалгыз жол деп эсептейт.

Эске салсак, Жонсондун парламентти таркатуу боюнча буга чейинки сунушу өтпөй калган болчу. Андан соң шайлоону 12-декабрда өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Оппозиция лидери Жереми Корбин да мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө макул болду.

Европа Биримдиги Брекситтин мөөнөтүн келе жаткан жылдын 31-январына жылдырууга макул болгон. Жонсон ага чейин шайлоо өткөрүү керектигин, эгер консерваторлор жеңишке жетишсе, Европалык Биримдиктен чыгуу тууралуу келишим ратификацияланарын белгиледи. Азыркы парламент келишимди кабыл алган эмес.

Белгилей кетсек, Британияда жүз жылдан бери шайлоо биринчи жолу христиан майрам күндөрүнүн (Рождество) алдында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM