Биз менен байланышыңыз

Исаков: 2024-жылга чейин ЖОЖдорду эл аралык рейтингге чыгаруу пландалууда

Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 603 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-октябрда, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Каныбек Исаковдун маалыматына ылайык, билим берүү тармагындагы абал дыкат талданып чыкты. Учурда 2020-2030-жылдарга Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыкты.

«Өлкө боюнча мектептердин электрондук картасы жана билим берүү башкармалыктарынын бирдиктүү базасы түзүлүүдө. Бул өлкөдөгү жалпы мектептер тууралуу маалыматтарды ыкчам алууга, кырдаалды анализдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт», — деди Исаков.

Министр маалымдагандай, электрондук кезек, электрондук күндөлүк сыяктуу санарип технологиялары жайылтылып, «Алиппе ТВ» долбоору колго алынат жана «Келечек мектеби» долбоорун ишке ашыруунун алкагында мектеп окуучуларын дүйнөлүк олимпиадаларга чыгаруу максаттары бар. 30 мектепке киргизилген инновациялык долбоор республика боюнча жайылтылат.

Ошондой эле, окутуу программасында окуучуларга улуттук таалим-тарбияны сиңирүү максаты эске алынып, жогорку окуу жайларды эл аралык талаптарга ылайыктоо багытында стимулдаштыруу иштери күчөтүлөт. 2024-жылга чейин Кыргызстандын жогорку окуу жайларын эл аралык рейтингге алып чыгуу пландалууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM