Биз менен байланышыңыз

Жириновский: планета калкын 500 миллионго чейин кыскартууга кызыкдар тараптар бар

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 507 | 0

Жер шаарынын калкын 500 миллионго чейин кыскартууга даяр тараптар бар экендигин Орусиянын либералдык-демократиялык партиясынын төрагасы Владимир Жириновский айтып чыкты. Бул тууралуу депутатка шилтеме берүү менен «Новости» орусиялык маалымат агенттиги жазды.

Партия лидеринин айтымында, 7-8 миллиард элге караганда, аз сандагы калкка өз идеологияларын таңуулоо менен саясаттарын жүргүзүү оңой болот.

Ошондой эле, депутат мындай максаттарын ишке ашыруу үчүн ири компаниялар кызуу кандуу жаш активисттерди пайдаланып жаткандыгын кошумчалады. Жириновский аша чаап берилгендик (фанатизм) — жалпы адамзаты үчүн коркунучтуу булак деп эсептейт.

«16 жаштагы швед активисткасы Грета Тунберг сыяктуу жаштар глобалдык климаттын жылышын токтотуу зарылдыгын айтып чыгышууда. Бирок алар түшүнбөстүк менен адамзаттын жок болуусуна алып келүүчү ыкмаларды үгүттөп жатышат. Бул өтө туура ойлор катары кабыл алынат, сонун угулат жана адамдардын сезимдерин козгойт. Бирок ири компаниялардын максаты — адамзатына таасир этүү менен төрөлүү көрсөткүчүн төмөндөтүп, жердеги калктын санын азайтуу», — деп белгилейт Жириновский.

Партия лидери өндүрүштү чектөө — ачкачылыкка, азыктардын аздыгына жана жылуулук энергиясынын жетишсиздигине алып келерин айтты. Ал адамзаттын жашоосунда бул факторлор маанилүү экендигин кошумчалады. Саясатчынын ою боюнча, атайын даярдалган долбоорлор аркылуу адамзаттын аң-сезимине сокку урулууда. Анын катарында адам укугун коргоо жана харассмент (кимдир бирөөгө болгон олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, ишара, үн чыгаруу, мазактоо, сексуалдык ыдык көрсөтүү) менен күрөшүү да ушул максатта пайдаланылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM