Биз менен байланышыңыз

Чек арачылар мылтыктын огун алып бараткан казак жаранын кармашты

Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 443 | 0

Кыргыз-казак чек арасында мылтыктын огун салып алган казак жараны кармалды. Окуя кечээ катталганын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн кабарлады.

«Чоң-Капка — унаажол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен Казакстанга чыгып бараткан казак жаранынын аudi 100 унаасы текшерүүгө алынып, андан 12 калибрлүү мылтыктын 10 даана огу табылган.

Тийиштүү документтер толтурулган соң, казак жараны милициянын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM