Биз менен байланышыңыз

Мугалимдердин маянасын эсептөө толук автоматташтырылат

Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 544 | 0

Өлкөбүздүн мектептеринде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде мугалимдердин жана кызматкерлердин айлык акысын эсептөө толук автоматташтырылат.

2020-жылдын 1-январынан баштап республикабыздагы бардык мектептерде, бала бакчаларда, кесиптик лицейлерде, балдар чыгармачылык борборлорунда айлык акыларды берүү иши толук автоматташтырылган форматка өтөт.

Ноябрь айынан баштап бул система Чүйдүн Ысык-Ата районунун, Ысык-Көлдүн Түп районунун жана Жалал- Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өтөт. Ал эми өлкөбүздөгү ушуга тиешелүү бардык бухгалтерия кызматкерлери семинар-окуулардан өтүшөт.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Октябрь айынан баштап мектептерде, бала бакчаларда, балдар чыгармачылык борборлорунда, баштапкы кесиптик-техникалык окуу жайларда иштеген мугалимдердин жана кызматкерлердин айлык акысы 30 % көбөйтүлгөн. Ар бир мугалимге айлыктарын жана кошумча маяналарын так жана туура, ачык-айкын эсептөө үчүн бардык билим берүү бөлүмдөрүндө кызуу иштер жүрүп жатат.

Санариптештирүү жылынын алкагында, жакын арада министрлик мектеп мугалимдеринин айлык акысын эсептөөнү толук автоматташтырууга өткөрөт. Учурда бул багытта даярдык иштери жүрүп, программалык камсыздоо үчүн техникалык талаптар иштелип чыкты.

Айлык акыларды автоматташтырууга өткөрүү менен эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт. Ошондой эле негизсиз маяна алып жүргөндөр ачыкка чыгат жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачылат. Тиешелүү текшерүү органдары берген кемчиликтер ордуна келет жана ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат. Бухгалтериялык ишмердүүлүк өркүндөтүлөт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM