Биз менен байланышыңыз

Тажикстан Өзбекстанга 200 орундуу бала бакча курат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 574 | 0

Тажикстан бийлиги Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Риштан районуна 200 балага ылайыкталган бала бакча курат. Бул тууралуу аталган облустун жетекчилиги жергиликтүү маалымат булактарына билдирген.

Маалыматка ылайык, жаңы курулуш 29 миллион сомду (420 миң $) түзөт, ал эми бала бакча 2020-жылдын сентябрь айында пайдаланууга берилмекчи.

Белгилей кетсек, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга болгон расмий сапардын алкагында Ташкент-Дүйшөмбү келишимине кол коюлган. Макулдашууларга ылайык, Өзбекстан Тажикстанга билим берүүчү мектеп жана көп тармактуу оорукана, ал эми тажик тарап Өзбекстанга бала бакча жана орто мектеп куруу каралган.

Copyright © 2017 Maral FM