Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда композиторлор союзунун 80 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 813 | 0

Кыргызстанда композиторлор союзунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы белгиленет. Бул мааракенин алкагында бир катар маданий иш – чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн саат 17-00 дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын кичи залында чакан концерттик иш-чара өтөт. Анда Кыргызстан композиторлорунун чыгармаларын Чүй камералык оркестри ойнойт. Ал эми, 30-октябрда Улуттук филармониянын чоң залында кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан турган концерттик иш-чара болот. Анда Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин жана солисттеринин аткаруусунда чоң программадагы концерти өтөт. Ошондой эле, 11-ноябрда Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрдин, хор жана солисттердин катышуусу менен чоң концерт тартууланат.

Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу 1939-жылы түзүлгөн. Жаңы уюшулгандагы алгачкы мүчөлөрү болуп Абдылас Малдыбаев, Петр Шубин, Владимир Власов, Владимир Фере, Мураталы Күрөңкеев, Карамолдо Орозов, Атай Огонбаев жана Ыбрай Тумановдор эсептелишет.

Власов, Малдыбаев жана Фере жазган кыргыздын алгачкы операсы ‘’Айчүрөктүн’’ Москвада өткөн искусство жана адабият декадасында көрсөтүлгөнүнө да 80 жыл толот. Кыргыздын классикасына айланган ‘’Айчүрөк’’, ‘’Манас’’ жана ‘’Токтогул’’ опералары да ушул үчилтиктин калемине таандык.

Copyright © 2017 Maral FM