Футбол боюнча Кыргызстандын Кубогун «Нефтчи» командасы утту. Кочкор-Ата шаарынын командасы финалда Бишкектин «Дордой» клубун 1:0 эсебинде утуп алды. Беттештеги жалгыз голду 64-мүнөттө кочкораталыктардын чабуулчусу Азамат Өмүралиев киргизди.
Кыргызстандын Кубогунун финалдык беттеши кечээ Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда өттү.
“Нефтчи” өз тарыхында бул мелдешти биринчи ирет утуп жатат.
Кыргызстандын Кубогун уткан команда Азия футбол конфедерациясынын 2020-жылдагы Кубогунун квалификациялык этабында ойноого мүмкүнчүлүк алат.
Бул мелдеш өлкө чемпионатынын кийинки эле беделдүү трофей болуп саналат. Кыргызстандын Кубогун өткөн жылы Бишкектин «Дордой» клубу уткан.