Биз менен байланышыңыз

Осмоналиев: Чет элдик студенттерге билим берүү бизнеске айланууда

Кыргызстанда чет элдик студенттерге билим берүү бизнеске айланып баратат. Бул пикирин Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев билдирди. Анын белгилешинче, мындай көрүнүш өлкөнүн билим берүүдөгү беделине терс таасирин тийгизет.

-Чет элдик студенттерге билим берүү бизнеске айланды десек болот. Себеп дегенде, салыкты жашыруу маселеси бар экени көрүнүп турат.  Мисалга алсак, быйыл Ош мамлекеттик университетине 1400 чет элдик студент кабыл алыныптыр. Андан сырткары, Жалал-Абад, Кант жана Бишкектеги бир катар жогорку окуу жайларда да чет элдик студенттер билим алышат. Акча тапсын, маселе жок. Бирок өзүнүн материалдык, техникалык базасына туура келгендей болсун да. Бул жарыш катары болуп калды.  Жыйынтыгы жакшылыкка алып келбейт. Бул маселе Кыргызстандын билим берүү боюнча беделин түшүрүп жатат.

Осмоналиев мындан сырткары, чет элдик абитуриенттерге билим берүүдө тиешелүү эрежелер сакталбай жаткандыгын жана өкмөт да бул маселени көңүл сыртында калтырып койгондугун белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова чет элдик абитуриенттерди кабыл алган окуу жайлар тиешелүү салыктарды төлөбөй жатканын парламентте көтөргөн. Анын белгилешинче, жеке менчик окуу жайлардагы медициналык факультеттерде 3 эсе көп студент билим алса дагы, мамлекеттик медициналык академия төлөгөндөй эле өлчөмдөгү салык түшүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM