Биз менен байланышыңыз

Чет элдик студент көп, бирок алардан түшкөн салык аз

Билим-маданият , Коом | 27 Окт 2019 | 766 | 0

Жеке медициналык окуу жайлары тиешелүү салыктарды төлөбөй жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова айтып чыкты. Анын айтымында,  Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультети 3 эсе көп студент кабыл алса да, мамлекеттик медициналык академия төлөгөндөй эле салык төлөгөн. Медициналык окуу жайларда чет элдик студенттер жылына орточо 120-150 миң сом контракт төлөшөт.

Кыргызстанда коңшу өлкөлөрдөн  келген студенттер көп. Алардын басымдуу бөлүгү Индия, Пакистан, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусиядан келишкен. Маалыматтар боюнча, быйыл Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы 95 чет элдик студентти кабыл алган.

Ал эми Кыргызстан эл аралык университети 445 чет элдик студент кабыл алып, мамлекетке болгону 1,8 миллион сом салык төлөгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова бул салык аз деген пикирде.

Депутат учурда республикалык бюджетте каражат аз экендигин жана мыйзамдуу салыктар чогулбай жаткандыгын айтты. Бир катар университеттерди мисал келтирип, алардын салык төлөөсүн көзөмөлдөө керектигин билдирди.

-Мамлекеттик медициналык факультеттерде чет элдик студенттер жылына орточо 120-150 миң сом контракт төлөшөт экен. Ал эми салык кызматына аз суммадагы салык түшүп жатат. Мисалы, Кыргызстан эл аралык университети 4 эсе көп студенттерди кабыл алган, бирок өтө аз салык төлөгөн. Мен эмне үчүн чоң айырма чыгып жатканын түшүнбөй жатам. Бул оюмдан чыгарган суммалар эмес. Бюджетте акча жок дейбиз, бирок мамлекеттик органдардан мыйзамдуу түрдө акча жыйылбай жатканы чоң көйгөй.

Билим жана илим министрлигинин расмий маалыматы боюнча өкмөт эл аралык келишимдердин негизинде жыл сайын Казакстандан 5, Белоруссиядан 10 студент акысыз билим алат. Андан сырткары этникалык кыргыздарга жылына 75 бюджеттик орун берилет.

Билим жана илим министрлигинин эл аралык бөлүмүнүн адиси Эрлан Кожоевдин айтымында, быйыл чет элдик студенттер 12 пайызга өстү. Алардын көпчүлүгүн Индиядан келгендер түзөт.

-Статистикалык маалыматка таянсак, мурунку жылдарга салыштырмалуу чет элден келген студенттердин саны өсүүдө. Көбүнчө коңшу өлкөлөрдөн студенттер келишет. Андан сырткары ал өлкөлөргө гранттык негизде да бюджеттик орундар берилет. 

«Айрым окуу жайлардын мамлекетке төлөгөн салыгы азбы?» деген суроо менен Кыргыз-Орус Славян университетине байланышып көргөнүбүздө, алар жеке менчик окуу жайлар мындай маалыматтарды бербей турганын жүйө келтиришти.

Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыковдун айтымында, университеттер ай сайын отчет берип турушат. Ошол эле учурда салык кызматы мекемелердин ички ишине кийгилише албайт .

-Жеке жана мамлекеттик мекемелер  ай сайын отчет беришет. Ошол отчеттун негизинде салык төлөйт. Ал эми мекеменин ичиндеги маселелерге, аларды текшергенге акыбыз жок. Окуу жайлар тапкан кирешесине жараша салык төлөшөт. 

Билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары Догдургул Кендирбаеванын пикиринде, эл аралык окуу жайларынын мамлекетке салык төлөөсүндө ортомчулар да роль ойнойт. Ошондуктан салык төлөгөнгө чейинки иш-аракеттерди көзөмөлдөө керек.

-Билим берүү — киреше табуунун жолу. Чет элдиктер келгени жакшы, алар турак-жайга төлөп жашашат, мындан да киреше тапкандар бар. Ал эми салык төлөнбөй жатканы боюнча айтсам, салык төлөнгөнгө чейин ортодо бүдөмүктөр бар, ачыктык жок. Ошондуктан бул иш-аракеттер кандай жүрүп жатканын текшериш керек. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы ЖОЖдордо чет элдик студенттер жылына 100 миң сом, ал эми англис тилинде окуткан жогорку окуу жайларында 300 миң сомдон жогору контракт төлөшөт.

Өлкөдө  жогорку окуу жайлардын  жалпы саны 63. Анын ичинен 32си мамлекетке карайт.

Copyright © 2017 Maral FM