Биз менен байланышыңыз

«Келинка» — келиндердин көйгөйүн чагылдырып, ынтымакка чакырган сериал

Көңүл ачуу , Марал шоу | 25 Окт 2019 | 1847 | 0

Кыргыз киноиндустриясында жаңы чыгып келе жаткан “Келинка” сериалынын жаратуучулары продюсер Мирлан Даанышман жана режиссер Эльдар Турдумамбетов “ Марал шоу” программасында конокто болушту.

-Аталган сериалдын тарых-таржымалына токтоло кетсеңиз?

-Дүйнөлүк киноиндустрияда сериалдар күндөн-күнгө күч алып, тартылып келе жатат. Кыргызстанда калктын аздыгына, каражаттын жетишсиздигине байланыштуу сериалдар жокко эсе. Ошол себептен сериал тартууну чечтик. Буюрса, башталышын эл жакшы кабыл алууда. Бизден тышкары дагы үч-төрт адам сериал тартып жатышат деп угуп калам. Менимче, 2-3 жылдын ичинде Кыргызстан сериалдарга байый баштайт деп ойлойбуз.

-Сериалдын сценарийи кимге таандык?

-Бүгүнкү күндө келиндердин маселеси, алардын көйгөйлөрү абдан актуалдуу болуп жаткан мезгил. Ошондуктан үй-бүлө темасын дагы кошо камтыгандыктан, жөн эле“Келин” десек супсак болуп калчудай экен. Ошол себептүү “Келинка” деп атадык. Аталышын тандоодо дагы кыйналдык. Ал эми сценарийин чыгармачыл топ менен биргеликте жаздык.

-Баш-аягы канча серия?

-Эпизоддорго бөлүп тартып, ар бири 4 сериядан турат. Демөөрчүлөр көп болсо, бир эпизод 20га жакын серия болмок. Жайкы сезонду аяктадык. Эми күзгү сезонду ноябрда тартып баштайбыз.

-Актерлорду тандоодо эмнеге көңүл бурасыздар?

-Биз дайыма изденүүдө жүрөбүз, кино жаатында жүргөндүктөн, көз салып койгон актер, актрисалар болот. Биринчи актерлорду тандап, аларга багыттап сценарийин жазабыз.

-Аталган сериал аркылуу кайнене менен келиндин ортосундагы жараатты козгоп албайбызбы?

-Биздин максат — келин менен кайнене дайыма эле уруша беришпейт дегенди чагылдыруу. Бири-бирин түшүнүп, таалим-тарбия алганга багытталган сериал.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM