Биз менен байланышыңыз

Айдарбеков Дүйнөлүк каратэ уюмунун президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 25 Окт 2019 | 379 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Шинкиокушинкай» Дүйнөлүк каратэ уюмунун президенти Кенджи Мидори мырза менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстанда каратэни жайылтуу жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Япон тарап бул максатта Кыргызстанда биргелешкен машыгуулар, чемпионаттар жана башка ушул сыяктуу бир катар иш-чараларды уюштуруу актуалдуу экендигин билдирди. Айдарбеков Кыргызстандын тиешелүү түзүмдөрү менен биргеликте бул маселени иштеп чыгууга даяр экендигин айтты.

Тараптар талкууланган маселелер боюнча кеп-кеңештерди улантууга макулдашты.

Copyright © 2017 Maral FM