Биз менен байланышыңыз

Президент Мамлекеттик каттоо кызматынын 10 жылдык юбилейи менен куттуктады

Кыска кабар | 25 Окт 2019 | 468 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын 10 жылдык юбилейи менен куттуктады.

Өлкө башчысы куттуктоосунда Мамлекеттик каттоо кызматы татаал жолду басып өтүп, калктын бирдиктүү реестрин тескеген, көрүнүктүү мамлекеттик органдын бирине айланганын белгилейт.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жарандар төрөлгөндөн тартып, жашоосунун аягына чейинки негизги маалыматтар камтылган бирдиктүү маалыматтар базасын калыптандырылганын өлкө башчысы белгилейт.

Мамлекеттик каттоо кызматы калкты биометрикалык каттоо боюнча улуттук өнөктүктү жүргүзүү иштерине олуттуу салым кошту. Шайлоочулардын сапаттуу электрондук тизмесин түзүү менен өлкөбүздө демократияны өнүктүрүү ишине чоң көмөк көрсөттү.

Каттоо кызматы мындан ары кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын туруктуу жогорулатууга, республиканын бардык региондорунда Калкты тейлөө борборлорун жайгаштырууга, санарип технологияларга негизделген тейлөө моделин киргизүүгө тийиш”, — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле, каттоо кызматынын эмгек жамааты мамлекеттик каттоо системасын андан ары өркүндөтүү, жаңы инновациялык ыкмаларды киргизүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча маселелерди ийгиликтүү чечет деп терең ишенерин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM