Биз менен байланышыңыз

Руслан Акматбек: «Өкмөт «андай эмес, мындай» деген принципке өтүп алды»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2019 | 702 | 0

Сөз эркиндигинен пайдаланып, айрым маселелерди көтөрүп чыкпасак, дээрлик көпчүлүгү жабык бойдон калууда. Бул тууралуу экономист, көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, тийиштүү органдар чындыкты төгүндөгөнү менен абал өзгөрүп кетпейт.

«Ички иштер министрлиги же өкмөт «ал андай эмес» десе, ошондой болбой калабы? Маселе козголуп, көйгөй жаралганда,  өкмөт «андай эмес, мындай» деген принципке өтүп алды. Тескерисинче, эл өкүлдөрү, укук коргоо органдары, бизнес коомчулук чогулуп, көйгөйдү талкуулашы керек. Ар бир ишкер «мен эртең эмне болом» деп кооптонуп калды. Ал эми мамлекет көйгөйдү чечүүгө далалат кылбай жатат», — деди Акматбек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM