Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Евразия, КМШнын өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат

Кыска кабар | 25 Окт 2019 | 439 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат. Премьер ошондой эле, бүгүн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында күн тартибиндеги 15 маселе каралат. Ал эми КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда 19 маселе каралат.  Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.

Copyright © 2017 Maral FM