Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Өзбекстандын Өкмөт башчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 24 мая 2020 | 540 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүү учурунда эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Анын ичинде республикалардагы коронавирус инфекциясы боюнча жагдай, анын жайылышына жол бербөө максатында көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселелер бар.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан Өкмөтү тарабынан ушул жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин цементти импорттоого киргизилген чектөөлөрдү алып салуу мүмкүндүгүн карап чыгуу өтүнүчүн билдирди.

Өз кезегинде кыргыз тараптын өтүнүчүн эске алуу менен ушул жылдын 22-майында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов ушул жылдын 23-майынан тарта цемент ташууну жандантуу жөнүндө Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

Мындан тышкары тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык актуалдуу маселелери боюнча ыкчам маалымат алмашуу тууралуу макулдашышты. Учурда коңшу өлкөдөн импорттолгон азык-түлүк жана башка товарларды ташуу штаттык режимде тоскоолдуксуз жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM