Биз менен байланышыңыз

Өкмөт калкты азык-түлүк менен камсыз кылуунун планын бекитти (тизме)

Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 692 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасирин төмөндөтүү боюнча бекитилген пландардын жыйынтыгы тууралуу кеңешме өткөрдү.

Анда премьер-министр тигил же бул азыктын жана дары-дармектин жоктугу боюнча тынчсызданууга негиз жок экенин билдирди.

Чек аралар ачык, жүк жана товар адаттагыдай тартипте ташылууда. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 10 миң тонна ун бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды, анын 5 миң тоннасы калктын аярлуу катмарын колдоого багытталат. Муну менен катар жакынкы күндөрү Өкмөт бизнес-коомчулук жана ыктыярчылар менен бирге турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарга даректүү жардам берүү боюнча масштабдуу жумуштарды жайылта баштайт, — деди Абылгазиев.

Белгилей кетсек, кырдаалдын экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасирин төмөндөтүү боюнча планына ылайык төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

— ири өндүрүүчүлөргө, азык-түлүк ташуучуларга, ири соода түйүндөрүнүн кожоюндарына социалдык маанидеги айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктүн жетиштүү запасын, алардын сатылышын жана туруктуу наркын камсыз кылуу сунуш кылуу;

— мамлекеттик резервге күнүмдүк керектелүүчү азыктардын топтомун топтоо;

— социалдык маанидеги товарлардын, дары-дармектердин, медициналык каражаттардын импорту үзгүлтүксүз өтүшү үчүн транзиттик жүк ташуу боюнча «жашыл коридорду» камсыз кылуу механизмин

ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен уюштуруу жана макулдашуу;

— азык-түлүк түрүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү жардам берүү.

Copyright © 2017 Maral FM