Биз менен байланышыңыз

Коронавируска каршы күрөшүүгө 183 млн сом жумшалды

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 850 | 0

Кошумча бөлүнгөн 340 млн сомдун  183,395 млн сому коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө жумшалды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 173 млн сом, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эсебине — 3 млн сомдон ашык акча, Тышкы иштер министрлигине — 769 миң сомго жакын, Транспорт жана жолдор министрлигине — 94,5 миң сом берилди. Калган 116,6 млн сом жогоруда айтылган министрликтер менен мекемелерге бөлүштүрүлөт. Саламаттык сактоо министрлиги үчүн атайын бөлүнгөн 40 млн сом максаттуу багыттарга колдонулууда, — деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев дүйнөдө бул инфекциянын бул түрү үчүн каршы вирус иштелип чыга электигин эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM