Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандыктарга өлкөдөн 10,6 миң доллар алып чыгууга руксат берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 473 | 0

Өзбекстан жарандары эми өлкөдөн накталай түрдө 100 миллион сумга чейин (10,6 миң доллар) каражат алып чыга алышат. Буга жол  берген «Валюта базарын тартипке салуу тууралуу» мыйзамынын жаны редакциясына  президент Шавкат Мирзиёев кол койгон.

Ошондой эле мыйзамга ылайык, өзбекстандыктарга чет өлкөлөрдө тоскоолдуксуз банк эсептерин ачууга, аларга акча которууга, ошондой эле баалуу кагаздар менен төлөм документтерине ээлик кылууга укук берилди.

Аны менен катар мыйзам жарандарды Өзбекстандын аймагында бардык төлөмдөрдү улуттук валютада жүргүзүүгө милдеттендирет.

Буга чейин өлкө жарандары сыртка декларациясы жок 2 миң доллар, декларация менен 5 миң долларга чейин каражат чыгара алышкан. Мындан чоң сумма чыгаруу үчүн Борбордук банктын уруксаты талап кылынган.

Кошумчалай кетсек, өзбек жарандары Орусиядан акча которуулар боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ.

Copyright © 2017 Maral FM