Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин экс-президент макамын алуунун мыйзамдуулугу каралып жатат

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 555 | 0

Жогорку соттун Конституциялык палатасында бүгүн, 24-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайык келип-келбестиги каралып жатат.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу боюнча токтом кабыл алган. Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу кабыл алынган мындай чечимге Парламенттин 103 депутаты макулдугун берип, 6 депутат каршы чыккан.

КСДП партиясынын саясий кеңеши Кыргызстандын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу мыйзамсыз болгону тууралуу Конституциялык палага өтүнүч менен кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM