Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Литва: Визалык талаптардан бошотуу макулдашуусу ратификацияланды

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 449 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 21-ноябрында Вильнюс шаарында кол коюлган Кыргыз Өкмөтү менен Литва Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымаат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 12-сентябрында кабыл алынган.

Макулдашууда анык дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн 90 күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу каралган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлиги Литва тарапка жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM