Британияда ичинде 39 жансыз дене болгон жүк ташуучу унаа табылды. Унаа Грейс шаарындагы өндүрүш аймагында токтотулган. Жергиликтүү полиция бул жерге 23-октябрда келген. Маалыматтарга ылайык, жансыз денелер жүктөлгөн жүк ташуучу унаа Болгариядан чыгып, 20-октябрь күнү Улуу Британиянын аймагына кирген.
Полициянын айтымында, унаада 38 чон кишилердин сөөгүнөн сырткары, 1 өспүрүмдүн жансыз денеси болгон. Алардын өздүгүн тактоо көп убакытты талап кылышы мүмкүн.
Шектүү катары унаанын айдоочусу 25 жаштагы ирландия жараны кармалган. Учурда кылмыштын чоо-жайы териштирилип жатат.