Биз менен байланышыңыз

Ала-Тоо аянтындагы кафеде өрт чыкты

Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 420 | 0

Бишкек шаарынын чок ортосунда кафеде өрт чыкты. Чакырылган жардам келгенче эле өрт өчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Өрт борбордук Ала-Тоо аянтынын четиндеги Киев көчөсүндөгү кафеде чыгып, таңкы саат 07:24тө ӨКМге маалымат түшкөн.

Өрттүн келип чыгышы иликтенип жатат.

ӨКМ билдиргендей, сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM