Биз менен байланышыңыз

Конституциялык палата Атамбаевдин «экс» макамынан ажыратылышын карайт

Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 466 | 0

Бүгүн, 23-октябрда Конституциялык палата Алмазбек Атамбаевдин экс-президент статусунан ажыратылганы боюнча маселени карайт. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнү Facebook баракчасына жазды.

Буга чейин КСДП партиясынын саясий кеңеши Кыргызстандын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу мыйзамсыз болгону тууралуу Конституциялык палага өтүнүч менен кайрылган.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу боюнча токтом кабыл алган. Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу кабыл алынган мындай чечимге Парламенттин 103 депутаты макулдугун берип, 6 депутат каршы чыккан.

 

Copyright © 2017 Maral FM