20-январда АКШнын 47-президенти Дональд Трамп Вашингтондогу Капитолийдин ротондосунда ант берип, кызматка расмий киришти.
Ошондой эле вице-президент Жей Ди Вэнс да ант берип, кызматка киришти.
Ант берүү аземине мурдагы президенттер, бир нече чет өлкөлүк лидер, саясатчылар, жана ири технологиялык компаниялардын башчылары катышты.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өткөн. Трамп шайлоочулар коллегиясынын зарыл болгон 270тен ашык добушун алып, атаандашы, Демократиялык партиянын талапкери Камала Харристи уткан.