Connect with us

Депутат Токторбаев Оштун мэри, Оштун мэри Жетигенов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болду

Кыска кабар | 23 Янв 2025 | 415 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп, Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэрлигинен бошотулуп, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 23-январда маалым болду.


Бакытбек Жетигенов 2022-жылдын 29-ноябрында Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

2023-жылы 14-ноябрда өткөн сессияда мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимине жашыруун добуш берүү болгон. Анда 42 депутаттын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоп, үчөө каршы болгон.

Депутаттар Бакытбек Жетигеновдун ишин канааттандырарлык эмес деп баалашкан. Шаардын инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүүдө ресурстарды сарамжалсыз бөлүштүрүү, шаардык кеңештин айрым токтомдорунун аткарылбагандыгын жүйө келтиришкен. Жетигенов муну жеке кызыкчылыктарга байлаган.

Бакытбек Жетигенов «Бийликти күч менен басып алууга даярданган» деген шек менен кармалып, 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырылган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу, бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелген. Бирок алтынчы чакырылыштын депутаттары Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген эмес.

Жеңишбек Токторбаев «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болуп шайланган.

Ош 320 миңден ашуун калк жашайт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM