Урматбек Самаев президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
14-январда Жогорку Сот Токмоктун мурдагы мэри Урматбек Самаевди актаган чечим чыгарганы белгилүү болгон.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун 9-январдагы өкүмүнө ылайык, Урматбек Самаев Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча күнөөсүз деп табылып, иште кылмыш курамынын жоктугу үчүн акталган.
Токмоктун мурдагы мэри буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылган. Ага карата 10 миң сом өлчөмүндө айып салынган.
Мындай өкүмдү Чүй облустук соту 2024-жылдын 18-июлунда күчүндө калтырган.
2023-жылы 17-апрелде УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшүүнүн алкагында, Токмок шаарынын ошол кездеги мэри Урматбек Самаев «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталып, кармалган.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган.
Самаев күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке 25 миллион сом төлөп берген. Тергөө абагынан бошотулуп, ээлеген кызматынан кетүү боюнча да арыз жазган.