Connect with us

24-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 23 Янв 2025 | 316 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 24-январда маал-маал менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9,

Талас жергесинде түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…-9,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндуз -7…-12.

Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -17…-19, күндүз -4…-6 суук болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM