Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Япониянын императорунун такка отуруу аземине катышты

Кыска кабар | 22 Окт 2019 | 449 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Такка отургузуу аземи Токио шаарындагы Император сарайында болуп өттү, анын жүрүшүндө Нарухито сарайдын башкы залында императордук такка отурду, императордук наамы жана кызмат кылууга антын расмий кабыл алуу жарыяланды.

Иш чарага мамлекеттер башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты.

Японияда белгилешкендей, бул иш чара Япониядагы императорду такка отургузуу эң ири аземи болду.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM