Connect with us

Кыргызстандагы тоо чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин аты берилди

Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 479 | 0

Кыргызстандагы тоо чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысмы берилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

20-октябрда Жаштар иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев башында турган кыргызстандык альпинисттер Кыргыз Ала-Тоосунун борборундагы («Салык» мөңгүсүнүн жанындагы) бийиктиги 4 миң 650 метрге жеткен мурда аты жок болуп келген чокуга чыгып, ал жерге Турдакун Усубалиевдин ысымы жазылган тактаны орнотушту. Бул иш-чара Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулду.

Экспедицияга команданын жетекчиси катары Жаштар иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, альпинисттер Михаил Даничкин, Андрей Алинов, Виктор Филинов жана дарыгер Асель Байбагышева катышты.

Кошумчалай кетсек, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен аталган командага 45 миң сом бөлүнгөн.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM