Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан Өзбекстан менен достук беттешин өткөрөт

Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 1069 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Өзбекстандын улуттук курама командасы менен алдыда боло турчу 2022-дүйнө чемпионаты жана 2023-Азия Кубогу мелдештерине тандоо турунун алкагында, даярдык көрүү масатында достук бетешүүсү болот. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясы билдирди.

Мелдеш 9-ноябрда Ташкенттеги “Пахтакор” стадионунда өтөт. Андан соң Улуттук курама 14-ноябрда саат 17.15 те өтүүчү Япония менен жана 19-ноябрда саат 20.00 боло турчу Тажикистан менен болгон мелдештерге даярдык көрөт. Эки мелдеш тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Эске сала кетсек, улуттук курама 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Мьянма командасын 7:0 эсебинде уткан. 15-октябрда Монголия менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Ал эми биринчи беттешин Тажикстан менен конокто ойноп, 1:0 эсебинде жеңилип калган эле.

Copyright © 2017 Maral FM