Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: 2020-жылы майыптардын эс алуусуна 100 млн сом каралат

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Окт 2019 | 425 | 0

2020-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эс алуусуна 100 млн сом каралат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жолдомолор үчүн бөлүнгөн каражаттын көлөмү жыл сайын жогорулап жатат. Алсак, буга чейин 24 млн сом бөлүнүп келсе, былтыр кошумча 30 млн сом берилген.

«Быйыл путевка үчүн 96 мон сом алынды. Бул тармакка жакшы көңүл бурулбай, 5 жылда бир берилүүчү путевка 10 жылдан ашып кеткен учурлар бар. Ошондуктан каражатты көбөйтүп жатабыз. Айрым санаторийлер тендерге катыша албай жатат. Мындан улам майыптар сураган эс алуу жайларына путевка алып бере албай жатабыз. Ошондуктан караждатты акчалай берип, каалаган жерде эс ала тургандай жобону иштеп чыгуудабыз», — деди Кочкоров.

Ал белгилегендей, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги талап кылынган 19 маалымкаттын сегизин электорондоштурууга жетишкен. Жумасына 50 миңге чейин электродук маалымат алмашуу болот.

«Биз маалымкат сураган органдарда сапарип базасы жок болгондуктан айрым документтерди алуу электрондук түргө өтө элек», — деди министр.

Copyright © 2017 Maral FM