Биз менен байланышыңыз

Бишкекте муниципалдык автобус айдаган 188 айдоочу сынактан кулады

Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 628 | 0

Бишкек жүргүнчү ташуучу автотранспорт ишканасынын 343 автобус айдоочусунун 188и сынакты тапшыра албай калды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Шаар бийлиги жүргүнчү ташыган коомдук унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөттү. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсызоо максатында айдоочуларды кезексиз сынактан өткөрүшкөн. Анда алар жол эрежелерин сактоо, муниципалдык транспортторду башкаруу эрежелери боюнча тест тапшырышкан. Сынакта 343 айдоочунун ичинен 188и тиешелүү өлчөмдөгү балл ала алышкан эмес.

Сынактан өтө албай калган айдоочулар 15-16-октябрда кайрадан сынак тапшырып, ийгиликтүү өтүшкөн.

Мэрия борбор калаадагы жүргүнчү ташуучу автотранспорттордун айдоочуларын өз ишине кылдат мамиле кылууга чакырат.

Эске сала кетсек, 3-октябрда № 18 муниципалдык автобус каттамында каттамдын бригадири Н.Серенов башкарган автобуста кырсык болуп, 5-класстын окуучусу Мырза Жумакалиев каза болгон.

Айдоочу шаар четиндеги Кызыл-Туу бекетинен жүргүнчүлөрдү түшүрөт. Мырза Жумакалиев автобустун алдыңкы эшигинен түшүп, бирок кийиминин боосу автобуска илинип калган. Айдоочу аны байкабай, айдап кетип, илинип калган кийим аркылуу бала дөңгөлөктүн астына тартылып кирип кетет. Алган жаратынан өзүнө келе албаган окуучу Бишкектеги травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жан берген.

Copyright © 2017 Maral FM